Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

ӨКМӨТ ИШТЕП АТЫРЫ, БАСЫГЫ АЛЫМСЫНДЫРБАЙТ


Быйыл өкмөт жыл аягына чейин ички дүң продукттун өсүшүн 8% көтөрүү милдетин өзүнө койгон. Бирок да жыл башындагы үч айдын жыйынтыгы коюлган милдет менен аткарылчу иштин ортосунда чоң айырма бардыгын айгинеледи.

Жыл башындагы үч айдын экономикалык жыйынтыгына арналган өкмөттүк жыйында президент К.Бакиев аткаруу бийлигинин ишине ичи чыкпай жатканын белгилеп, аны салыкты аз төлөп жаткан алкоголь тармагынын мисалында айтты:

- Инспекция, “Кыргызалко”. Бул эмнеге керек болчу? Уурдашка оңой болсун үчүн ушундайлар түзүлгөн. Иштегениңерге канча болду, эмдигиче жыйынтык чыгара албай жатасыңар. Феликс Шаршенбаевич, өкмөт бул жерде кашаң иштөөдө. Алкоголь тармагын таштап салышты, эстеген эч ким жок. Өкмөт башчы болуп иштеп жүргөндө эсимде бар акцизди азайттык эле бюджетке абдан көп акча түшкөн.

К.Бакиев өкмөт курамы кадыресе жаңыланып, жаңы жетекчилер ишке камдуу киришерин белгиледи. Саясий ары түртүш – бери түртүш менен алектенбей, жаңы өкмөт мүчөлөрүн парламент сынынан өткөрүү күзгө белгиленип жатканын маалымдады. Өкмөттүн жаңыланышына өзгөчө үмүт арткан президенттин эмдиги жүйөөсү жыл аягына чейин белгиленген милдетти – ички дүң продуктту 8 пайызга жеткирүү. Бирок да андай көрсөткүчкө жетиш үчүн азырынча кыргыз экономикасынын чама-чаркы тартыш. Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров быйыл 5 пайыздын тегерегиндеги өсүш камсыз болушу мүмкүн деген пикирин айтты.
Өкмөт башчы Феликс Кулов жыл башындагы үч айдын ичинде ички дүң продукттун 2,4 пайыз өсүшүн 4 пайызга жеткирүү кыйын жумуш дейт:

- 2,4 пайызды автоматтык түрдө 4 пайызга жеткирдик деп шардана кылып, эми биз ички дүң продуктту 8 пайызга жеткиребиз деп айтыш кыйын. Бул арифметика эмес, бул – экономика, толгон-токой кыйынчылыктары бар татаал жумуш. Милдет реформаны жүргүзүш. Айрымдар өкмөт реформасыз иштеп жатат дегенге өтүштү. Биз реформаны жүргүзүүдө анын натыйжасы калкка кандай таасир тийгизерин эске алабыз. Мисалы, энергетика реформасы элге эмне берет?

Анткен менен азырынча өкмөт үмүт арткан энергетикадагы абалдын жакын арада жакшырып кетиши да арсар. “Камбарата” ГЭСтеринин курулушу Нарын дарыясындагы ГЭСтердин өзгөчө абалы тууралуу мыйзамдын өзгөртүлүшүнө түздөн-түз көз каранды. 1997-жылдан бери иши оңолбой келаткан Ташкөмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводунун азыркы тагдыры да арабөк, же сатылбай, же банкротко чыгарылбай туру. Өкмөт башчы ишкананы кандай да болсо , бул ишкананы банкротко кабылтып, арзан баада сатып жиберүүгө Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети кызыкдар экендигин айтты. Ушундан улам Маммүлк төрагасы Т.Турдумамбетов менен Ф.Куловдун кайым айтышы маселенин чечилиши дагы бир топко созуларын көрсөттү.


Кыргызстандын экономикалык абалы ушу тапта тар кыяга туш келген жүктүү унаа сындуу кысталыш жагдайдан кантип өтүүнүн амалын таппай туру. Энергетика тармагындагы кризис жакын арада чечилбесе өлкө жакынкы жылдары кайрадан кара чыракка өтүп, жакырчылыктын сазына толук батарына шек кылбай деле койсо болорун президент К.Бакиев айтты.

XS
SM
MD
LG