АКШ президенти Жорж Буш өлкөдө атайын кызматтар миллиондогон америкалыктардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү тыңшалат деген маалыматты четке каккан билдирүү таратты. Буга чейин америкалык «Ю Эс Эй Тудей» гезити өлкөдөгү үч ири телефон кампаниясы катардагы америкалыктардын телефон сүйлөшүүлөрү боюнча маалыматтарды топтоп, атайын кызматтарга өткөрүп беришет деп жазып чыккан эле. «АКШнын атайын кызматтарын «Ал-Каида» жана аны менен алакалаш уюмдар гана кызыктырат», - деп белгилеген Буш өз билдирүүсүндө.
Азиза Турдуева, Прага.
Азиза Турдуева, Прага.