Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Атуулдук коом өзбек бийлигин Анжиян окуясын акыйкат иликтөөгө чакырат


БИШКЕК. Анжиян окуясынын бир жылдыгына карата бүгүн Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өтөөрү күтүлүүдө. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын айтымында, митинг дүйнө коомчулугунун көңүлүн Анжиян окуясынын кесепеттерине буруу максатын көздөйт. Бул митингде жарандык коомдун өкүлдөрү, Кыргызстанда баш калкалап жүргөн өзбекстандык атуулдар Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго кайрылуу жолдоп, бул окуяны акыйкат иликтөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышат.

XS
SM
MD
LG