Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:36

АЗЫР КҮЧТҮҮ БИЙЛИК, КАБЕЛТЕҢ ОППОЗИЦИЯ ЖОК


Президент К.Бакиевдин жаңы дайындоолору тууралуу жума күнкү «Агым» гезитинде парламент депутаттары Ө.Текебаевдин, Т. Сариевдин пикирлери жарыяланды. Ө.Текебаев 27-майда митинг сөзсүз өтөрүн маалымдаса, Т.Сариев «Эл алдатпайт, андай этап артта калганын» шардана кылган.

Депутат К.Карабеков «Бакиевдин имиджи нөл» дейт. Белгилүү ишкер Ө.Абдырахмановдун пикири боюнча, «Тандем кетсин, дегенге эрте го». Ушул эле гезитте «Реформа үчүн» кыймылынын билдирүүсү да жарыяланган. Ал «Өзгөрүп атам» деген түр көрсөтүүнүн кереги жок!» деп аталат.

«Президент колун сунду. А оппозициячы?» Бул суроону жума күнкү «Жаңы ордо» гезити койгон. Макала автору Ж.Мурадиловдун ырасташынча, эми оппозиция да жыйын өткөрүү демилгесинен баш тартып, мунасага мунаса менен жооп бериши керек. Антпей, биз баары бир элди дүрбөтө беребиз дешсе, алардын андай кадамы бийликке жетүүнүн аракети экени билинип калат, дейт макала автору.

Гезитте билим жана жаштар саясаты министри Нур уулу Досболдун «Биринчи иш күнүмдөн баштап коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүдөмүн» деген маегине да орун берилген.

Кыргыздын кендирин кескен уруучулук, өң тааныштык, дегеле улутташтарыбызга мүнөздүү чылыктар тууралуу киноишмер Замир Эралиев «Президент болгусу келген адам, алгач өз аялын башкарып алсын» деген макаласында ой жүгүрткөн. «Мен үчүн турмуштун чоң табышмактарынын бири – Акаевдин кандайча президент болуп калгандыгы», дейт З.Эралиев.

«Аалам» гезитинде генерал Абдыгул Чотбаевдин «Азыр күчтүү оппозиция жок», деген маеги жарыяланды. Бишкек шаар кеңешинин тапшырмасы боюнча А.Чотбаев жетектеген жергиликтүү кеңеш депутаттары А.Акаевдин тапшыруусу менен берилип кеткен 48 квартиранын чоо-жайын иликтешүүдө. Үйлөр муктаж болгондорго эмес, жооптуу кызматтагы адамдарга берилген. «Кошоматчылар арыз ээлеринин квартирасы бар, жогун текшербестен, мыйзамсыз түрдө берип коюп экс-президентти» жаман көрсөтүп коюшту, дейт А.Чотбаев.

«Кыргызстанды дүүлдөткөн бир күн» тууралуу жума күнкү «МСН» гезити да жазды. Президенттин кадрдык алмаштырууларын оппозиция анча деле сүйүңкүрөбөй кабыл алып, алардын талап кылганы кимдир бирөөлөрдү бир орундан экинчисине которуу эмес, кардиналдуу конституциялык реформаларды жүргүзүү экенин, ал талап дагыле күчүндө кала бере тургандыгын В.Тимирбаев жазып чыкты. Оппозиция лидерлеринин телекөрсөтүү аркылуу сестүү билдирүүлөр менен чыгып турушу алардын кандай да болсо атын чыгаруунун амалы дейт макала автору.

«Жаңырык апта» гезитинде жарыяланган Б.Молдалиевдин «Итке ыргытылган сөөк» деген макаласында кадрдык алмашуулардын себеп-жөнү иликтенген. Т.Айтбаевдин ордуна келген Б.Табалдиев, М.Керимкуловдун кызматын ээлеген Д.Үсөнов, Д.Сарыгуловдун катчылыгын аткаруу милдети А.Мадумаровго жүктөлгөн. «Алдыда кандай саясий оюндардын жүрүшүн көзү ачыктык кылып» айтыш кыйын, деп белгилейт макала автору.

«Кыргыздын бир гана Атажурту бар, ал Кыргызстан», деп жазат Г.Якубова жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде. Ушу тапта Кыргызстанга четтен келгендер арбын. Эли кедей, чиновниктери акчага алданган жоош-момун калктын ичинде жүрүп байыган чет элдиктер көп. Кыргыздар болсо Орусия менен Казакстанда жүрүшөт. Келгиле, өз Мекенибизди өзүбүз көтөрөлү, дейт макала автору.

Улуттук ички биримдик, элдин пейилин оңдоо кайра жаңылануунун маанилүү шарты экенин «Жаңырык апта» жумалыгында Алмазбек Эркебай уулу «Ички биримдик» деген макаласында козгогон.

Кыргызстандын кендирин кескен кейиштүү абал коррупция экенин белгилүү. Белгилүү ардагер Корчубек Акназаров «Эркинтоо» гезитинде маегинде белгилейт. «Азыр акчасыз эчнерсе бүтпөйт. Керек болсо бир справка алыш үчүн 3 – 4 эшикти аттап, 5 – 6 мекемеге барыш керек. Анын баарын акча чечет», дейт ардагер К.Акназаров.

Кыргызстандын демократиялык кадыр-баркы тынч жыйындардын арбын өтүшүнөн түшүп калбайт. Мындай пикирин «Азаттык» радиосунун кыргыз бөлүмүнүн жетекчиси Т.Чоротегин «Кыргыз туусу» гезитиндеги маегинде ырастаган.
XS
SM
MD
LG