Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Кыргыз-тажик чегинде куралдуу кагылышуу болду


12-майга караган түнү Баткен районуна чектеш жердеги Тажикстандын чек ара бекеттеринин бирине белгисиз бирөөлөр кол салып, куралдуу топ андан ары Кыргызстандын аймагына кире качкан. Алар айланма чек ара, бажы бекеттерине кирбей өтүүчү айланма жол аркылуу Кадамжай районундагы Актурпак чек ара бекетине дейре келген. Бул жерде да куралдуу кагылышуу болуп, кыргыз тараптан жоготуулар болгону айтылууда. Белгисиз куралчан топ Кадамжай шаарчасына дейре жетип, курчоого кабылган. Маалыматтарга караганда, алар автонуаасын таштап, тоо тарапка качканга үлгүрүшкөн. Учурда аларды колго түшүрүү үчүн ички иштер органдары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

 

XS
SM
MD
LG