Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Куралчан топту жок кылуу операциясы уланууда


БАТКЕН. Кадамжай районундагы Тамаша айылына жакын тоолордо, район борборунан 6 чакырымдай аралыкта Тажикстандан чыккан куралчан топ менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда атышуу уланууда. Атышуу учурунда куралчан топтон экөө өлүп, бирөө колго түштү. Кыргыз тараптан милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн эки кызматкери жараат алганы айтылууда. Бул топ 12-майга караган түнү Баткен районуна чектеш жердеги Тажикстандын Ляккан чегара бекетине кол салып, Кыргызстандын аймагына кире качкан. Алар Кадамжай районундагы Актурпак чегара бекетине дейре келип, бул жердеги атышууда кыргыз тараптан бир бажы кызматкери жана бир жөн-жай киши каза тапкан. Куралчан топ Кадамжай шаарчасына дейре жетип, автонуаасын таштай тоо таяна качкан. Ташталган «Мерседес» автоунаасынан 17 автомат, бир пулемет табылган.

XS
SM
MD
LG