Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Тогуз саясий партиянын бирикмеси түзүлдү


БИШКЕК. «Эркиндик”, “Эл мурас”, “Эрк”, дыйкандар партиясы, фермерлер партиясы өңдүү тогуз саясий уюм жана жети коомдук бирикме “Куттуу Кыргызстан” деп аталган биримдик түзүштү. Анын координациялык кеңешинин төрагалыгына шайланган Топчубек Тургуналиевдин айтымында, биримдик конституциялык реформаны жүргүзүүнү көздөп, президенттик башкаруу каралган Конституциянын долбоорун сунуш кылат. Ошондой эле келечекте парламенттик шайлоого партиялык тизме менен катышууга даярданат. Биримдикке кирген күчтөр бара-бара бир саясий партияга айлануу ыктымалдыгын да жокко чыгарышпайт.

XS
SM
MD
LG