Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА БИШКЕКТЕ ЖЕКЕ КОНЦЕРТИН ТАРТУУЛАЙТ


16-17-майда Улуттук филармонияда «Кыз бурак» тобунун ырчы кызы Айжамал Кабылова жеке концертин берет.

-Мындан бир эки ай мурда эле "Кыз бурак" тобу менен келип концерт бердиңиздер эле. Эмне себептен көп өтпөй эле жеке концертиңизди өткөрөйүн деп чечтиңиз?

- Бул концертти бир айдын ичинде эле пландаштырган жокбуз. Топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова он жылдан ашык кызмат кылган кыздардын жеке концертин беребиз деп айтып жүрчү. Андыктан май айындагы майрамдарга карата жеке концерт берүүнү чечтик.

- Алгачкы жеке концерт болгондон кийин өзгөчө жактары бар болсо керек?

-Албетте болот. Ал азырынча сыр болуп турсун. Келген эл өздөрү күбө болушат.

-Ушул эле програмаңыз менен дубандарды да кыдырасызбы?

- Бул концертти алгач өзүмдүн туулуп өскөн Ош жергесинде берип келдим. Эми Бишкекте өткөнү турат. Буйруса Жалалабад жана башка аймактарды кыдырсак деген тилек бар.

- Сиздин аткарууңуздагы «Айта бар арманымды» аттуу композиция көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан ырга айланбадыбы. Бул ырды кандайча ырдап калдыңыз?

- Мындан төрт жыл мурда ырдын автору бул чыгарманы Ысыккөлдөгү кадыр түн фестивалына алып барган экен. Мына ошол жерден угуп, жетекчим Гүлшайыр Садыбакасованын айтуусу менен ырдап калдым. Бирок бул ыр мынчалык популярдуу болуп кетет деп ойлогон эмесмин.

- Чыгармачылыкка аралашканыңызга канча жылдын жүзү болду жана репертуарыңызда канча ыр бар?

-Чыгармачылыкка келгениме ушул жылы буйруса 12 жыл толот. Ал эми репертуарда жалпы кырктан ашуун ыр бар.


-Күйөрмандарыңызга алдыда кандай жаңы ырларды тартуулайын деп турасыз?

-Эне жөнүндө жана сүйүү темасындагы ырларды тартуулайын деп турам.

Биздин маектешибиз Айжамал Кабылованын жеке концертинен тышкары бул жуманы төмөндөгүдөй маданий окуялар коштойт:

-15-майда «Байчечекей» балдар ансамблинин концерти улуттук филармонияда өтөт. Концерт саат он сегизде башталат.

-18-майда «Насыйкат» камералык оркестринин концерти болот. Кечеде оркестрдин репертуарындагы Моцарттын, Бахтын, Бетховендин жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары тартууланат.

-17-18-май күндөрү Бишкекте хип-хоп, оренби, инферно музыкалык агымдары боюнча республикалык 1-фестиваль өтөт. Ага өлкөнүн баардык аймактарынан жаш таланттар келишет.

-17-майда Нооруз театралдык фестивалы башталат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынын театрлары катышат. Маселен Ысыккөл музыкалуу драма театры эстон драматургу Эдлстин "Арзуу кумары" аттуу спектаклин көрүүчүлөрдүн сынына коюшат.

-20-майда улуттук филармонияда «Баян ойнойт» аттуу эл аралык фестиваль өтөт.

-Ушул эле күнү сүрөтчүлөр шаарчасында Сейталиев Адистин жеке сүрөт көргөзмөсү ачылат.
XS
SM
MD
LG