БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары президент Курманбек Бакиевге ырасмий кайрылып, өкмөт мүчөлөрүн тез арада парламентке жөнөтүүнү талап кылышмакчы. Бул тууралуу парламенттин кечээги сессиясында дайын болду. Президент Курманбек Бакиев болсо 10-11-майда дайындалган министрлер парламентке күзүндө гана жөнөтүлөт деп билдирген. Депутат Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, милдетин аткаруучу болуп турган министрлер өкмөттүн толук кандуу мүчөсү болуп саналбайт. Текебаев бүгүн журналисттерге маалымат жыйынын берип, айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин жеке бизнеси тууралуу билдирүү жасаары күтүлүүдө.