БИШКЕК. АКИ-пресс агенттиги билдиргенге караганда, президент Курманбек Бакиев Рыспек Акматбаевдин жактоочуларын бүгүн кабыл алат. Бирок бул маалыматты президенттин маалымат кызматы тастыктаган жок. Кечээ Рыспек Акматбаевдин атасын жана бир нече жактоочусун Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров кабыл алып, алардын талабын президентке жеткирүүнү убада кылган. Акматбаевдин өкүлү Исмаил Кочкаров болсо кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.