Россиянын президенти Владимир Путин Палестин автономиясынын жетекчиси Махмуд Аббас менен жолукту. Тараптар Палестин автономиясындагы кырдаал, автономия менен Израилдин ортосундагы мамилелерге байланыштуу маселелерди талкуулашты. Махмуд Аббас Палестин автономиясы Израиль менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр деп билдирди.