Өткөн жумада өлкөнүн фехтования федерациясынын президенти Рысбек Акматбаевдин атылып өлтүрүлүшүнөн кийин анын Балыкчыдагы айрым шайлоочулары митинг уюштуруп, Бишкек- Каракол жолун эки күн тосушуп турушкан. Маркум Тынычбек менен Рысбек Акматбаевдердин өлүмүнө себептер адамдарды аныктап берүүсүн талап кылган митингчилер менен парламент депутаты Кубанычбек Исабеков, облус губернатору Эсенгул Өмүралиев, Рысбек Акматбаевдин атасы келип жолугушуп, президентке атайын өкүлдөр барып сүйлөшүүгө макулдашып, алар туристтерди чочутуп турушканын айтышып, жолду ачтырган.
Мындай жол тосууларды, митингдерди Казакстандын маалымат каражаттары көбүртүп жазып, бул окуя антиреклама болуп жатканын, чет элдик туристтер кооптонуп турушканын Ысыккөл райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Турсубек Мансуров белгиледи.
- Мындай жол тосуулар чет өлкөлүк туристтерди чочутуп, эс алуу мезгилине жолтоо болууда. Ушундай окуяны Алматыда антиреклама катары көбүртүп, жабыртып жазып, туристтерди үркүтүүдө. Жайкы эс алууга да мындай митинг, жол тосуулар жолтоо болчудай.
“Тынчтык” элдик кыймылынын лидери Исмаил Кочкаровдун жана Рысбек Акматбаевдин жактоочуларынын айтымында, алар “туризмдин пайдасын чоңдор, чиновниктер гана көрүп, карапайым калкка туристтердин кереги жок” дешкен жетекчилер менен жолугушууда.
Эгерде 15-майдагы президент Курманбек Бакиев менен жолугушуу максатына жетпей турган болсо, митингчилер Боом капчыгайынан Бишкек- Каракол-Торугарт жолун жабууга жана Бишкекке өкмөт үйүнө барууга мажбур болушаарын айтышкан.
Учурда жол жээгинде турган маркум Рысбек Акматбаевдин жактоочулары туристтерди да кооптондуруп турганын, эгерде мындай окуялар улана берсе быйыл жайкы эс алуу сезону да үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгүн “Главтур” фирмасынын менежери Азиз Шаршакеев айтты.
Бишкекте 17-19 майда эл аралык биринчи туристтик жармаңке өтөөрүн, буга отуздан ашуун өлкөнүн туроператорлору, журналисттер катышууга ниет кылып жатышканын, аларды Ысыккөлгө алып баруу, кыргыз жери менен тааныштыруу максаттарына жол тосуучулар жолтоо кылбай туризмге тоскоолдук болбосун Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Турусбек Мамашев билдирди.
Өткөн жылы чет өлкөлөрдөн 650 миң турист Кыргызстанга келген. Бул мурдакы жылдарга салыштырмалуу эки эссе аз дегенди билдирет. Себеби, өлкөдөгү ыңкылап, саясый кырдаал терс таасиин тийгизген дешет эксперттер. Быйыл да альпинизм, аңчылык, этнографиялык, экологиялык туризмге кызыккан чет өлкөлүктөр болууда.