Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Текебаев Данияр Үсөновду кызмат абалынан пайдаланып жатат деп айыптады


16-майда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынын өткөрүп, анда кыргыз чиновниктери атаандаштарын четтетүүдө кызмат абалынан пайдаланууда деп билдирди. Мисал катары «Аксай цемент» жабык түрдөгү орусиялык ишкананын Ноокат районунда цемент завод куруу боюнча лицензиясын токтотуу аракетин келтирди. Депутаттын пикиринде, андай аракетти биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жасоодо. Буга Үсөновдун жакындарынын Кызылкыя шаарында курулуп жаткан экинчи бир цемент заводдо ири көлөмдө акциясы болушу себеп болууда. Ал эми «Кызылкыя цемент» заводунун өкүлдөрү бул жерде саясат көбүрөөк экенин, ал эми «Аксай цемент» жабык түрдөгү акционердик коом оффшордук зоналарда катталып, сүйлөшүүлөргө келбей жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG