«Журналист» коомдук уюмунун башчысы Кубан Мамбеталиевдин айтымында, «НТС» каналынын айланасында түзүлгөн кырдаал Мадумаров менен Малеваннаянын жеке мамилесине байланыштуу маселе. Ошондуктан анын сөз эркиндигине таасири жок. «Фридом хауз» уюму 2006-жылкы отчетунда Кыргызстанды «сөз эркиндиги жок» мамлекеттердин тизмесине кошкон. Уюмдун өкүлү Улукбек Бабакулов муну бир милиция кызматкеринин журналистти сотко бериши менен байланыштырган.