БИШКЕК. Кечээ мунапыс тууралуу мыйзамды депутаттардын четке кагышы парламент менен аткаруу бийлигин ортосундагы пикир келишпестиктин натыйжасы, деп билдирди юстиция министри Марат Кайыпов. Анын айтымында, парламент депутаттары аткаруу бийлигинин колу-бутун тушап, реформаларды ишке ашырууга атайын жолтоо болуп атат. Парламент депутаттары 16-майда мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун быша элек деп кабыл албай кайтарып беришкен. Март ыңкылабынын бир жылдык урматына сунушталып жаткан мунапыс боюнча 200гө чукул адам абактан чыгып, 3 миңге чукул кылмышкердин мөөнөтү кыскартмак.
Чолпон Орозобекова
Чолпон Орозобекова