Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Европа Биримдигинин Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу сунуштарын кабыл албай тургандыгын билдирди. Буга чейин Биримдиктин өкүлдөрү Иранга жеңил сууда атомдук реакторду иштетүүгө мүмкүнчүлүк жана тынчтык максатта өзөктүк кубатты өнүктүрүүгө кепилдиктер берилиши ыктымал деп билдиришкен. Алардын ордуна уранды байытууну токтотуу талабы коюлган. Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменти Вашингтон Иранга коопсуздук кепилдиктеринин берилишине каршы экендигин билдирди.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеранды Европа Биримдигинин сунуштары боюнча конструктивдүү жооп берүүгө чакырды.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеранды Европа Биримдигинин сунуштары боюнча конструктивдүү жооп берүүгө чакырды.