Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Бийликтин саясий кризиске кабылышына Бакиев-Кулов тандемининин эки жүздүү саясаты башкы себеп болууда


БИШКЕК. «Асаба» жана «ЭрК» партияларынын коомчулукка жасаган бүгүнкү кайрылуусунда ушинтип айтылат. Анда президент менен өкмөт башчынын азырга дейре өлкөнү экономикалык кризистен алып чыгуу боюнча бирдиктүү программасы жок, а түгүл мамлекеттик түзүлүш боюнча экөө эки башка көз карашта, эки жетекчи бири-бири менен тымызын күрөшүүдө деп айтылат. Кайрылуу соңунда коомчулукка «быйылкы күздө Жогорку Кеңеш аркылуу жаңы конституцияны кабыл алабыз деген президенттин убадасына дагы бир жолу ишенип, 4-5 ай митинг кылбай чыдап туруу чакырыгы ташталган. Ошондой эле президент Бакиев бул убадасынан танса Акаев режими менен күрөшкөндөй азыркы бийликке каршы чечкиндүү күрөш башталаары эскертилет.

XS
SM
MD
LG