Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

КАРЫЗДАН БААРЫЛАП КУТУЛАБЫЗБЫ?


Кыргызстандын тышкы карыз жүгүн кантип жеңилдетүүгө болот? Жаңы түзүлүп жаткан Экономика менен ишкердикти өнүктүрүү коомдук палатасы аны көпчүлүктүн көмөгү менен төлөп салуу демилгесин көтөрүүдө. Маалымат катары айта кетчү нерсе, ар бир кыргызстандыктын мойнунда 400 доллар карыз жүгү турат.

Кыргызстандын эларалык каржы институттарынын «ХИПК» программасына кирүүсү калк арасында чоң талаштарды жаратууда. Жалаң экономикалык маселе барып-келип саясий өң-түс, улуттук кадыр-баркка көлөкөсүн тийгизчү маселеге айланып баратат. «Шатен» курулуш фирмасынын жетекчиси Жумабек Токтогазиев карызды төлөөнүн буга чейин Түштүк Кореяда колдонулган жөнөкөй жолун сунуш кылат.

- Мен «ХИПКтин» ордуна тыш карыздарды жоюу боюнча атайын фонд түзүүнү сунуш кылат элем. Биз кыргыздар жөн убакта бизден өткөн патриот жоктой мактанганды жакшы көрөбүз. Мындай ишке келгенде эч кимдин чөнтөгүнөн акча чыгаргысы келбейт. Эгер фонд ачылса карызды төлөшкө 20 миң доллар акча кошконго даярмын. Бул жерде чайкоочулук болбош керек. Акча кошсо эле «көөп кетиптир» деген сөз да болбош керек. Мен жыйырма миң төксөм анымы колко кылып, салыктан жеңилдик берилишин талап кылбашым керек. Акча чын дилден берилиши абзел.

Жумабек Токтогазиевдин айтымында, элде намыскөй жигиттер көп. Алардын жардамы менен чогулган акчаны карызга төлөп, калганын Коомдук палатанын көзөмөлү алдында 3% үстөк пулу менен ипотекалык курулушка жумшаса дурус болор эле. 5% үстөгү менен берилчү ипотекалык үй муктаж болгондорго арзан баада сатылмакчы. Ж.Токтогазиевдин эсеби боюнча андай үйгө жеткендер азыркы ижарада тургандардын акысынан ашпаган баада үй акы төлөп, 15 жылдан кийин өз турагына ээ болуп чыга келет.

Жумабек Токтогазиевдин экономика менен ишкердикти өнүктүрүү боюнча коомдук палатанын жыйынында жарыя кылган демилгесин президент К.Бакиев колдоп чыкты.

- Келгиле, ким канча акча бере алат, ким көңүлүнөн канчаны чыгара алат - кошсун, биз аны колдойбуз. Экономика жана каржы министри да мындай демилгени колдойт деп ойлойм. Калган акчаны жалаң социалдык маселелерди чечүүгө жумшообуз керек.

Непадам жаңы демилге ишке ашып калса фонд коомдук палатанын алдында түзүлүп, анын акчасы ишкерлердин көзөмөлүндө болмокчу.

- Түштүк Кореяда андай тажрыйба бар, - деп айтты биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов.- Президент биздегидей оор жагдай, «ХИПК» сындуу абал орноп калган чакта калкына кайрылуу жолдогон. Өлкөнүн абийир- арнамысы таразага коюлуп, карыздан кантип кутулуунун жолу изделип жатканда элге чыккан. Эл сөйкө-шакегине чейин тапшырып, керек акчаны таап, тышкы карыздарды төлөп коюшкан. Эми ал жердеги патриоттук дем-шык өзгөчө. Биздеги карыз ар бир адамга 400 доллардан туш келет. Бул демилгени бекем колдош зарыл. Бизде деле өзү үчүн, туугандары үчүн төлөп койчу кишилер бар.

Кыргызстандын тыш карыздарын жоюунун оңтойлуу жолу ишкердикке, жеке демилгеге жол ачуу, Атамекен өндүрүшчүлөрүнө шарт түзүү. Кыргызстанда болсо иштемчил калктын кыйласы чет жерде, жергиликтүү базарлар менен айрым ишканаларды чет элдиктер ээлеп, ансыз да оор экономикалык жагдайды күчөтүүдө деп билдирди Миграция жана жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова.

- Абыдан көп. Мисалы, «Карасуу» базарында 5 миң киши иштесе анын 3 миңи кытайлыктар.

Ушундай эле абал Бишкектеги «Дордой», «Мадина» базарларында, Бишкектин чет жагындагы үч кыш куюучу заводдо да орун алган.

XS
SM
MD
LG