Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Cанжар Кадыралиев жактоочулары менен Ош-Бишкек жолун бөгөп алды


ОШ. Куршаб айыл өкмөтүнө жакын жердеги Кызылсеңир участкасында №39 Куршаб шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн расмий жыйынтыктары менен макул болбогон Санжар Кадыралиевдин болжолу менен миңге жакын жактоочусу Ош-Бишкек жолун бөгөп алып, бийликке карата бир катар талаптарды коюшууда. Алар депутаттык мандатты Санжар Кадыралиевге ыйгарууну жана анын атаандашы Мамат Орозбаевдин жакында каза болгон уулунун денесин көз каранды эмес комиссия аркылуу текшертүүнү талап кылышты. Эске сала кетүүчү нерсе, талапкер Мамат Орозбаевдин жактоочулары анын уулунун өлүмүнө саясий атаандаштарын шектүү деп айыптаган эле.

XS
SM
MD
LG