Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Кыргыз чек арачылары менен өзбек атуулдарынын ортосунда чыр чыкты


ОШ. Карасуудагы Арашан чек ара тилкесинде эки өзбек атуулу чегарачылардан Кыргызстандын аймагына өтүүнү суранышкан. Чегарачылар макулдук бербей койгондон кийин катардагы жоокер Нышановдун башына таш менен уруп жиберишкен. Чегарадан качып өтүп кирип келген өзбек атуулунун бири Карасуу шаарынын Өзбекстан менен чектешкен Арашан кичи районундагы туугандарыныкына жашырынган жеринен кармалды. Чегара бузуучуну кармоо учурунда 30га жакын жергиликтүү калктын өкүлдөрү каршылык көргөзүшүп, чегарачыларды көздөй таш атышкан. Бул учурда чегарачылар автоматтан абага ок чыгарышкандан кийин гана чатак басылган. Учурда чегараны бузуп кирген өзбек атуулу Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, анын үстүнөн кылмыш иши козголууда. Мындай маалыматты 19-май күнү Ош чегара отрядынын жетекчилиги таркатты.

XS
SM
MD
LG