Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Рыспек Акматбаевдин өлүмү боюнча ишти тергөөнү Башкы прокуратура өз колуна алды


БИШКЕК. Бул тууралуу баш прокурор Камбараалы Конгантиев 24.kg маалымат агенттигине кабарлаган. Анын айтымында тергөө эки айга созулушу ыктымал, учурда тергөөчүлөр баллистикалык жана соттук-биологиялык экспертизалардын жыйынтыгын күтүп атышат. Буга чейин бул кылмыш ишти Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматы тергеп аткан. Баш прокурордун айтымында, иш баш прокуратурага Рыспек Акматбаевдин жакындарынын өтүнүчү боюнча өткөрүлүп берилди.

XS
SM
MD
LG