Кыргызстандагы бир катар өкмөттүк эмес уюмдар HIPC программасына Кыргызстандын кирүү шартын ачыктоону каржы жана экономика министрлигинен талап кылышууда. Алардын жүйөөсүндө, эгерде Кыргызстан бул программага кирсе өз эгемендүүлүгүн жоготуп, тоо кен, гидроэнергетика сыяктуу тармактарды колдон чыгарат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бирикмесинин башчысы Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, билим деңгээли жогору Кыргызстандын бул программага кирүүсү «шермендечиликке» барабар .