БИШКЕК. Өлкө башчысы Курманбек Бакиев ички иштер министри Мурат Суталиновго тартип коргоо кызматкерлеринин сапаттык курамы, өткөн жылдын жыйынтыктары жана ушул жылдын беш ай аралыгындагы иштерин талдоо отчетун он күндүн ичинде тапшырууну милдеттендирди. Президенттин айтымында, милиция кызматкерлринин дарегине коомчулуктан даттануулар көп түшкөн. Ал ошондой эле 1-июнга карата жарандарды улуттук паспорт менен камсыздоо маселеси тууралуу отчетту тапшырууну министр Суталиновго эскертти.