Черногориянын көз карандысыздыгы үчүн республиканын шайлоочуларынын 55 бүтүн ондон төрт пайызы добуш берди. Мындай маалыматты Черногориянын Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жарыялады. Референдумдун жыйынтыктарын Европа Биримдиги, Европа Кеңеши жана Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму тааныды. Алар референдум эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлгөнүн белгилешти. Ал эми Черногориядагы Сербиядан бөлүнүүгө каршы болгон партиялар референдумдун жыйынтыгын кайра карап чыгууну талап кылышууда.
Черногориянын көз карандысыздыгы боюнча өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгын Европа Биримдиги, Европа Кеңеши жана ОБСЕ тааныды