Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:14

КЫРГЫЗДАР ЗАМАНБАП ӨНӨРДҮ ТАЖИК ЖЕРГЕСИНЕ ЖЕТКИРИШТИ


Жаныл Жусубжан, Прага Ушул күндөрү Тажикстандын баш калаасында өлкөнүн тарыхындагы алгачкы заманбап көркөм өнөр көргөзмөсү болуп өттү. Анда бир катар кыргыз, казак сүрөткерлери өз тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Заманбап же жаңы исскустводо учкул кыялга чек жок шекилденет. Бул көркөм өнөрдүн ар кыл түрлөрүн, анын ичинде хэппининг, инсталяция, перформанс өндөнгөн кийинки кезде пайда болгон жаңы көрүнүштөрдү камтыйт. Бишкек менен Алматыда мындай көргөзмөлөр көркөм өнөр чөйрөсүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланып келатат. Себеби түрү кандай болбосун, исскуствонун максаты бир эмеспи, ал - турмуштун күңгөй-тескейин көркөм өнөр аркылуу ачып берүү, ошол жол менен эстетикалык жана моралдык проблемаларга коомдун көңүлүн буруу. Бул жаатта Кыргызстандык өнөрпоздор катуу чыгып келатышат.

- Кыргыздардан өтө тамаша жигиттер чыгып келатат. Алматыда, мисалы, адамдар бар акчалары көп, бирок алар менен иштөө мен үчүн кызыксыз. Алар турмуштан 20 жыл артта, догмалардын туткунунда калган,- дейт сүрөткер Эрбоссун Мелдибеков.

Мына эми заманбап өнөр акыры Тажикстанга да келип жетти. Дүйшөмбү калаасында 12-майдан 22-майга чейин "Параллель" деп аталган өлкөнүн тарыхындагы эң алгачкы модернисттик көргөзмө өткөрүлдү. Сунуш этилген эмгектердин бири баңги заттарына каршы акция болду. Көрөрмандарды кара кийинген, баштарына көздөрүнүн тушу гана оюлган кара байпак кийген төрт жигит каршы алды. Көкүрөгүндөгү ок-калтада октун ордунда шприцтер кыдырата тизилген. Жигиттер "Сизди көргө көмсүн десеңиз, бир доза сайыныңыз" деп жазылган визиткаларды таркатып жатышты.

Ушул эле темадагы дагы бир акция тууралуу көрөрмандардын бири Акмал Миршакар мындай дейт: Кээ бир инсталяциялар ийне, шприцтер менен болду. Кызыл алмадан кызыл шире чыгып турганы бар эле. Бизге дал ушул керек болчу.

Акмал Миршакар – тажикстандык сүрөтчү. Суриков институтунун бүрүрүүчүсү негизинен улуттук жашоону, реалдуу турмушту чагылдырган жанрдык композицияларды тартат. Кардарлары – көбүнчө чет элдик туристтер, кийинки кездери тажик бизнесмендери да анын чыгармаларын сатып ала баштаган.

Дүйшөмбүдөгү көргөзмө Швецариянын өнүгүү жана кызматташуу бюросунун финансылык колдоосу менен өттү. Анын алдында 10 күн Кыргызстандан Улан Жапаров, Казакстандан жогоруда сүйлөгөн Эрбоссын Мелдибеков, Өзбекстандан Слава Ахунов сыяктуу белгилүү сүрөткерлер семинар өткөрүшкөн эле. Жыйынтыгында семинардын жергиликтүү 20 катышуучусу жети видео-фильм, 10дон ашык хэппининг, исталяция, перформанстарды жаратышты. Дал ушул эмгектер кийин "Параллель" көргөзмөсүндө көпчүлүктүн кароосуна коюлду.

Көргөзмө Алимов атындагы көркөм өнөр колледжинин али курулуп бүтө элек имаратында өттү. Слава Ахуновдун айтымында, бир чети– жаңы исскуствонун курулуп бүтө элек галереянын имаратына басып киргени символикалык мазмунга ээ болду. Экинчи жагынан семинардын катышуучулары тартынбастан, дубалдарга мык кагып, өз иштеринде мында жаткан кум, бетон, боек сыяктуу курулуш материалдарынан кенен-чолон пайдаланышты.

Ахуновдун айтымында, көргөзмөнүн ийгилиги зор болду. Ага Тажикстандын тышкы иштер министри, президенттик аппараттын кызматкерлери баш болуп, жер жайнаган киши келди.

-Менимче көргөзмө ийгиликтүү өттү. Алгачкы жолкусу үчүн эң мыкты болду деп ойлойм. Анткени көп балдар шыктанып, буга кызыгып калышты. Көп киши келди, майрамдык кубанычтуу маанай өкүм сүрүп турду,-деп бышыктады муну маектешибиз Акмал Миршакар.

Мен тажикcтандык сүрөтчүдөн жергиликтүү көрөрмандар көргөзмөнү кандай кабыл алгандыгын сурадым, себеби мисалы Бишкекте өткөн мындай көргөзмөлөрдө айрым көрармандар баштарын чайкап, таң беришкенин көрүүгө болот. "Бул сырттан таңууланган, бизге тийешеси жок агым дегендер да жок эмес.

-Баары түшүндү деп ойлобойм, бирок майрамдык маанайды, бул өнөрдүн бизге келгенине кубанычты сездим,- дейт Акмал Миршакар. -Анын үстүнө сүрөткер ишти кылышы керек. Малевич айтпады беле, элдин деңгээлине түшпөстөн, элди өз деңгээлиңе чейин көтөрүшүң керек.

Коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып, Тажикстан үчүн көз карандысыздыктын алгачкы жылдары айрыкча оор болду. Беш жылдык согуштан өлкө күнү бүгүнгө чейин тирдигип кете албай келет. Бирок эң башкысы – бүгүн ок атылбайт, кан төгүлбөйт, илгери үмүт Миршакардын чыгармачылыгынан да байкалат.

-Согуш сүрөткердин сезимдерин курчутту окшойт, адам дүйнөгө башкача карап калат. Ошондуктан, мурдагы сүрөттөрүм балким күңүрт түүстө болчу, азыр турмуш оңолуп, курулуш жүрүп жатат. Менин сүрөттөрүмдүн да боегу ачыла баштады окшойт,- деди Акмал Миршакар.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG