Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

КЫРГЫЗСТАНДА ТУБАСА КЕМТИК МЕНЕН ТӨРӨЛГӨН БАЛДАР КӨБӨЙҮҮДӨ


Кыргызстанда соңку төрт-беш жылдан тарта тубаса кемтик менен төрөлүүнүн өсүп атканы байкалат. Статистикалык маалыматка ылайык, дүйнөдөгү 1000 баланын бири тубаса жетишпестик менен төрөлсө, Кыргызстанда ар бир 650 наристенин бирөө кемтик менен туулуп жатат. Адистердин пикиринде, мындай аномалиялык көрүнүшкө көп жагдайлар себеп болот.

Тубаса кемтик менен төрөлүүнүн белгилерине: бет-жаактагы айрыктар, кемтиктер, ички органдардын туура эмес жайгашып калуусу, буту-колдордун тең эместиги, манжалардын жетишсиздиги, сөөктөрдүн тетири бүтүшү же эбегейсиз чоңоюп кетиши сыяктуу аномалдык көрүнүштөр жатат. Бишкектеги балдардын тез жардам хирургиялык борборунун башкы дарыгери Талантбек Өмүрбековдун айтымында тубаса кемтиктин айрыкча кийинки учурда жаңы түрлөрү көп чыгууда.

-Акыркы 4-5 жылда мисал үчүн, көтөн чучугу жок, же кызыл өңгөчү, же ичегилери бүтүн болуп төрөлүү , жыныс органдарынын аралашып калуусу аябай өстү. Ушу жумада эки балага операция жасадык – бүт ичегиси сыртында –“ эмбрианальная грыжа”деп коебуз медицинада,-дейт Т. Өмүрбеков.

Таңдайы айрык туулган ата-энесинин колунда жок кыргызстандык балдардын операциясынын каражат чыгымын 1997- жылдан бери Даниянын “Балдарды коргойлу” уюму көтөрүп келатат. Уюм Кыргызстанда иштегенден бери 800 гө жакын таңдайы айрык баланын операция чыгымын жана алыскы аймактардагы балдардын жол чыгымын да кошо көтөргөн.

Кыргыз өкмөтүнүн чечими боюнча, быйылтан баштап өлкөдө беш жашка чейинки балдарга дарылоо да, операция да бекер болуп калды.

Педиатрия жана балдар хирургиясы улуттук борборунун тубаса кемтиктер бөлүмүндө ички органдардын кемтиги менен жумасына 15-20 балага операция жасалат. Мындай балдардын көпчүлүгү айылдардан келишкен.

-Айыл жеринен көп келишет. Көбүнчө кечигип келишет. Врачтар болгон аракеттерди жасашат. Эгер кечикпей келишсе, балдарга да, дарыгерлерге да жеңил болмок,- деди бөлүмдүн кызматкери Индира Ишенбаева.

Тубаса кемтик менен төрөлүүгө кандай жагдайлар себеп болушу мүмкүн? Адистердин айтымында, баланын түйүлдүк кезде бузулушуна – эненин ден соолугуна зыянын тийгизчү жугуштуу оорулар, алкоголдук ичимдиктер, чылым чегүү, социалдык жагдай жана экологиялык бузулуулар себеп болушу мүмкүн.

Республиканын аймактарындагы 70 тен ашуун уран калдыктары көмүлгөн жерлердин ачылып калышы жана Кыргызстанда кайра куруудан кийин алтын кендерин казуу жайларынын иштеп башташы - изилдөөчүлөрдүн пикиринде экологиялык бузулууларга алып келди. Профессор Талантбек Өмүрбеков Кыргызстанда тубаса кемтик менен төрөлүүнүн өсүп баратканын алтын казуу жайлары менен байланыштырат:

Эгерде байкасаңар, өнүккөн мамлекеттер эч качан алтынды өздөрүндө казышпайт. Себеби алтынды иштетиш үчүн радиоактивдүү заттар колдонулат. Абирок бизде алтынды издеткен чоң эки-үч жерибиз бар жана алдыда дагы иштетүү болгону турат. Ушул мени аябай тынчсыздандырат.

1998-жылы Кумтөр алтын кенин казып аткан канадалык “Кумтөр” ишканасына караштуу машинедеги цианиддин Жетиөгүз районундагы Барскоон дарыясына төгүлүшү – дароо эле ал жерге жакын айылдардагы адамдарга, табиятка, жаныбарларга чоң зыянын тийгизген. Кырсык болору менен жакын турган айылдардагы 70 аялдын боюнан түшкөн. Өнөкөт оорулар козголуп, көп өлүм-житим болуп кеткен. Жергиликтүү элдин айтымында, кырсыктан кийин көп куштар учуп барбай калышкан.

Канадалык компания өз кезегинде төгүлгөн цианидден экологияга эч кандай зыяны келбегенин билдирип келатат. Депутат Кубанычбек Исабеков канадалык компаниянын жыйынтыгына ишенбейт:

-Бул боюнча башка эл аралык экспертиза жасатсамбы дегем. Тилекке каршы алар чоң акча сурап жатышат. Эң арзан деген Казакстан 20 миң доллар сурап жатат. Мен азыр 20 миң доллар табалбай жатам.

Республикалык балдар хирургиясы жана педиатрия улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында тубаса кемтик менен төрөлүү республикада жылдан жылга өсүп жатат: Айрыкча кийинки 4-5 жылдын ичинде тубаса оорулардын өскөнү байкалат. Соңку изилдөөдө тубаса кемтик менен төрөлүү 1-2 пайызга өскөнү аныкталууда.

Республикалык педиатрия жана балдар хирургиясы борборунун бет жаак хирургия бөлүмүндө жумасына таңдайы айрык туулган 10 го жакын балага операция жасалат. Алардын айрымдарына этаптык экинчи операция жасалат.

XS
SM
MD
LG