Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Азамат Алтай дүйнөдөн кайтты


БИШКЕК. “Азаттык” үн алгысынын башатында турган Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) 86 жаш курагында кечээ дүйнөдөн кайтты. Ал өмүрүнүн акыркы мезгилинде Нью-Йоркто ооруканада дарыланып жаткан. Азамат Алтай 1953-жылдан тартып 40 жылдай өмүрүн “Азаттык” үн алгысына арнаган. Кыргыз кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Маркум Кудайберген Кожомбердиев 1920-жылы 15-сентябрда Ысыккөл облусунун Тоң районуна караштуу Кызылчек айылында жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG