«Эмгек жана Биримдик» партиясы кыргызстандыктарды, өзгөчө жаштарды 27-майдагы митингиге чыкпоого, ал эми «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлерин дебатка чыгууга чакырды. Мындай чакырыкты партиянын жаштар бөлүмү «Кабар» агенттигинде маалымат жыйынында жасады. Алардын айтымында, Кыргызстан чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Күзүндө бийлик системасын тандоо боюнча референдум болуп, ошого жараша жаңы Конституция кабыл алынат. Мына ушундай шартта айрым саясатчылардын жеке кызыкчылыгы үчүн уюштурулуп жаткан митингиге чыкпоого жаштарды чакырабыз, деп айтышты «Эмгек жана Биримдик» партиясынын өкүлдөрү.