Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

АЗАМАТ АЛТАЙ КЫРГЫЗДЫН СҮРӨТҮН ТАРТЫП ЖАШАЧУ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы демократиялык жараяндардын өнүгүшүнө салым кошкон Азамат Алтай Нью-Йоркто жекшемби күнү акыркы сапарга узатылат. “Азаттык” радиосуна өмүрүнүн 40 жылын арнаган бул адам кыргыз журтунун көз алдында ириде атуулдук сезими күчтүү инсан катары сакталып калат. Азамат Алтайдын адамдык бейнесине советтик доордо көлөкө түшүрүлүп келген менен кийинки муундар татыктуу баасын бере алат.

Азамат Алтай 1953-жылы башкеңсеси Мюнхенде жайгашкан Эркин Европа/Азаттык үналгысынын кыргыз кызматына жумушка кирип, ошол жылдын 18-мартында Азаттык радиосунун тунгуч кыргызча берүүсүн обого алып чыккан. Ошондон тартып ал өмүрүнун 40 жылын Азаттык радиосуна арнады.

Кыргызча булактарды англисчеге которуп АКШ, Франция жана Германия окумуштууларына кыргыз маданиятын, тарыхын иликтешине өз салымын кошуп турган. Колумбия университетинде иштеп журуп окуу жайдын китепканасына кыргызча китептерди топтогон.

Кудайберген Кожомбердиев Азамат Алтай деп аты-жөнүн 1960-жылы которгон. Азамат деп эл-журтуна берилгендигин, Алтай деп түрк тилдүү калктан экендигин билдирген. Совет доорунда Азамат Алтай атайын кызматтын кара тизмесинде болуп, туулган жерине келүүгө жолу жабык болуп келди. Ал эми советтик бийлик маалымат каражаттары аркылуу аны эл көзүнө душман катары көрсөтүп келди.

Жазуучу Ильгиз Талип убагында Компартиянын Борбордук комитетинин тапшырмасы менен жазган макаласы үчүн кийин кандайча кечирим сураганын минтип айтып берди:

- Абийиримде өзүмдү жаман сезип, чийки май жегенсип жүргөм. Анан эгемендиктин желаргысы келип биздин да жаштар чет мамлекетке чыга баштабадыбы. Ошондо бир кошунабыздын баласы АКШга окууга жөнөп калды. Азамат Алтайга жолуксаң ошондо кылганы үчүн аябай өкүнүп жүрөт деп айтып кой деп аябай сурандым. Ошондон бир нече жыл өтүп, ал окууга кеткен бала деле эсимен чыгып калган. Бир күнү түн бир оокумда эле телефон безилдеп шыңгырап калды. Бир эле тааныш үн. Азамат аганын жанына чалып атам дейт. Бексултан Жакиев экен. Сага кеч болсо да ошону айтканга эркиң жеткенине ыраазы болуп атат деп калды. Азамат аганын өзү менен сүйлөшуп өз оозум менен кечирим сурап жакшы пикир алышканбыз,- дейт Ильгиз Талип.

Азамат Алтай чет мамлекеттерди кыдырып жашап жүрүп да кыргыз эли үчүн күйүп жанып турчу. «Азаттыктын» толкунунда советтик бийликтин кемчиликтерин сындагандай эле эгемендик жылдардагы кыргыз бийлигинин терс жактарын, кыргыз элин өксүтүп аткан жаман адаттарды бетке айтып келди.

Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов улут үчүн күйгөн чоң инсандан ажырадык дейт.

«Ошондой чоң инсан акыркы сапарга кетип атып өз ата-журтунун койнунан орун таппай калганы арман»,- дейт Дастан Сарыгулов.

Азамат Алтайдын сөөгү Нью-Йоркко коюлмак болду. Ал ооруп аткан кезде бияктагы жакындары паспорттук түйшүктүн айынан убагында жете албай калышты. Бир тууган жээни Тойчубек Турганбаев бул жакын туугандарынын гана эмес, бүтүндөй кыргыз журтчулугунун жоготуусу дейт.

«Чет жакта ата-журттан алыс жашап жүрүп чекилик кетирбей, ар бир кадамын ойлонуп таштап жашачу. Менден улам чет өлкөлүктөр кыргыздар кандай эл экенин таанышсын деп айтып калчу»,- дейт Тойчубек Турганбаев.

XS
SM
MD
LG