Бүгүн Сочиде Россия менен Европа Биримдигинин кезектеги саммити башталат. Ага Россиянын, Еврокомиссиянын жана Европа Кеңешинин жетекчилери, эл аралык эксперттер катышат. Жыйында Россия менен Европа Биримдигинин ортосундагы отун-энергетика тармагындагы кызматташуу, визалык режимди жөнөкөйлөштүрүү маселелери, ошондой эле Иран кризиси менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу маселелеринин талкууланышы күтүлүүдө.