Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

КЫРГЫЗ ЖЫЛКЫЛАРЫ - АСЫЛ ТУКУМ МАЛ


Жаныл Жусубжан, Прага Ушул күндөрү Кыргызстанда асыл тукум кыргыз жылкысын колдоо максатын көздөгөн ат чабышка даярдык иштери башталды. Ноябрга белгиленген ат чабышта дүйнөдөгү эң эски жылкы тукуму саналган кыргыз атынын эң мыктылары экинчи жолу чабылат.

Франциядан келген изилдөөчү кыргыз жылкысы дүйнөдөгү эң эски жылкылардын бири экендигин, ал бийик тоолуу чөйрөгө өзгөчө ылайыкташканын жар салып, анын тукумун сактап калуу үчүн, жан үрөп жүрөт. Жаклин Рипардын ысмы–жылкы боюнча адистердин арасында жакшы белгилүү. Ал жылкы туягы баскан ар бир континентте болуп, асыл тукум жылкылар менен иштеп келет. 6 жылдан бери ал Кыргызстанда, "Кыргыз-аты" деген бейөкмөт уюм түзгөн. Анда жергиликтүү жана чет элдик адистер кыргыз жылкысыннын таза тукумун калыбына келтирүү менен алпурушат.

-Кыргыз жылкысы көп чыгымды талап кылбайт, себеби ал тоодо кала берип, кардын алдынан болсо да чөп таап оттойт. Башка жылкыларга атайын жем бериш керек. Булар алыс жол жүрсө да чарчабайт. Ал эми жаңы кыргыз жылкысы же европалык аргындар тез эле чаалыгып калат,-дейт Жаклин Рипар.

Рипар айымдын айтымында, совет заманында жылкы өстүрүүнүн миңдеген жылдардан сакталып келген сырлары көп колдонулбай, кыргыздын тоого чыдамдуу жылкысы тукум курут болуу коркунучуна туш келген.
Советтик мезгилде көпчүлүк кыргыздар өз жылкысынан айрылып жаткандыгын ойлошкон эмес. Ошондуктан, кандай жылкыны кайсынысы менен аргындаштырып жаткандыгына көңүл бурушкан эмес. Көп учурда орус жылкысы менен аргындаштырышкан, себеби алардын көлөмү чон болгондуктан, көп эт, сүт берет деп кызыгышкан.

Кыргыз жылкысынын сүтүнөн да мыкты кымыз жасалат. Жаклин Рипардын айтымында, ал мындан 3-4 жыл мурда Кыргызстандын айыл-чарба министрлиги атайын жүргүзгөн изилдөөгө катышкан, ошондо кыргыз жылкысынын сүтү жаңы кыргыз жылкысыныкына караганда сапаты жогору экендиги, мол да болоору аныкталган.

Маектешибиз үчүн, жылкыны колдоо - бул маданиятты колдоого тете. Анткени, экөөнү бир биринен ажыратып болбойт:

-Советтик зоотехниктер кыргыз жылкысынын келбети начар деп айтышкан. Ошондуктан Кыргызстанда сүрөтчүлөр араб, англис жылкыларын аздектеп тартышкан. Азыр эми биз менен иштеген сүрөтчүлөр кыргыз жылкысын тартып жатышат. Былтыр биз атайын көрсөтмө уюштурганбыз. Ар бир фестивалда кыргыз жылкысына байланыштуу иштеген сүрөткерлерди колдойбуз,-дейт Жаклин Рипар.

Ошентип, ноябрда өтө турган ат чабышка карата маалымдуулук акциясы башталууда. Ал эми июль айынан тартып, күлүктөрдү тандоо жүрөт. Ат чабышка былтыркыдай эле 200гө чукул күлүк тартылат деп күтүлүүдө. Былтыр башкы байге 1 жылкы, 500 доллар болгон. Бул ат чабышта башкы көрсөткүч жылкынын марага биринчи болуп келиши эмес, чаалыкпай-чарчабай келиши болуп саналат. Муну аныкташ үчүн жарыштын алдында жана кийин адистер жылкынын абалын текшеришет. Демек мүнүшкөрлөр эптеп марага жеткенди эмес, жылкыны жыл бою туура таптап, көнүктүрүүнү ойлонууга тийиш.
XS
SM
MD
LG