Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Бишкекте өзбек элчилигинин алдына уйгур активисттери пикетке чыгышты





25-майда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдына жыйырмага чукул уйгур активистери нааразылык акциясына чыгышты. Алар Ташкенде кармалган Хусейин Желалди бошотуу талабын коюшту. Уйгурлардын Кыргызстандагы лидери Нигмат Базаковду өлтүрүүгө катышкан деген шек менен Хусейин Желал 1998-жылы кармалып, 1999-жылы сотто акталган. Ошол эле жылы Түркия чыгып кетип, андан кийин Канада атуулдугун алган. Хусейин Желал туугандарына келген кезде Ташкенде кармалган.

XS
SM
MD
LG