27-майда Алатоо аянтында эки иш чараны өткөрүүнүн убактысы такталды.Жогорку бийликтин чечимине ылайык аскерий иш чаралар эрте мененки саат он жарымга чейин болуп, андан кийин аянт «Реформа үчүн» кыймылдын митингисине бошотулуп берилет. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын лидери Эмил Алиев билдирди. Белгилүү болгондой 27-майга Алатоо аянтына Коргоо министрлиги өзүнчө иш чара, ал эми «Реформа үчүн» кыймылы митинг өткөрүүнү чечкен. 25-майда кыймылдын штабы жыйылып, анда ишембидеги митингиге даярдыктар белгиленди.