Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

ӨЗБЕКСТАНДА ОППОЗИЦИЯ ӨКҮЛҮ НАДИРА ХИДОЯТОВА ТҮРМӨДӨН БОШОТУЛДУ


Жаныл Жусубжан, Прага Ушул шейшембиде Өзбекстанда узак мезгилге кесилген оппозиция өкүлү түрмөдөн шарттуу бошотулду. "Күнөстүү Өзбекстан" биримдигинин мүчөсү Нодира Хидоятова урук-туугандары сот талап кылган он миңдеген доллар айып төлөгөндөн кийин, капысынан бошонуп чыкты. Оппозициянын түрмөдөгү башка өкүлдөрүнүн тагдыры канадй болоору белгисиз бойдон калууда.

Камактан бошонуп чыккандан кийин 38 жаштагыНодира Хидоятова кубанганын жашырган жок:

-Бактылуумун. Мен ал эмне экенин билем. Жакындарымды көргөнүм, эркиндик мен үчүн бакыт. Мен моралдык азап тарттым.

Активист март айында экономикалык кылмыштар боюнча 10 жылга эркинен ажыратылып, кийин мөөнөтү жети жылга кыскартылган эле. Анын бошонгонуна анын эки баласы айрыкча сүйүнгөнү айтпаса да түшүнүктүү.

- Жети айдан кийин апабызды кайра көрдүк, албетте кубанычыбыз койнубузга батпай турат, - деди Хидоятованын 17 жаштагы кызы Малика биздин радиого.

Ушул шейшембиде аппеляциялык сот Хидоятованын жети жылдык түрмө мөөнөтүн үч жылдык шарттуу мөөнөт менен алмаштыргандан кийин,ал сот залынан бошотулду. Хидоятованын үй-бүлөсү муну күткөн эмес. Нигора - анын сиңдиси, жана каттоодон өтпөгөн "Азат дыйкандар" партиясынын төрайымы:

- Эмне үчүн бошотконун билбейм. Алар көп ойлонуп, акыры гуманизмдин принциптери жеңип чыкты го. Нодиранын жаш балдары бар экендигин эске алышты деп ойлойм,- деп билдирди Нигора Иноятова.

Нодира Иноятова өткөн декабрда Маскөөдөн кайтып келгенден кийин Ташкен аба бекетинде камакка алынган эле. Маскөөдө ал пресс-конференция өткөрүп, Орусияны өзбек президенти Ислам Каримовду колдоону токтотууга жана Өзбекстанда адам укуктары тепселенип жаткандыгын моюнга алууга чакырган эле.

Ага мамлекеттик акчаны ыксыз сарптаган, салыктан качкан деген сыяктуу кинелер коюлуп, "Бүйүк Сийомолар" деген фирмасы аркылуу өзбек мамлекетине 230 миң доллар зыян келтиргени үчүн 10жылга эркинен ажыратылган.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар анын камалышын саясат менен түшүндүрүп келишти. Эл аралык Мунапыс уюму анын эркиндик алышына жогору баа берип, ошол эле убакта анын шарттуу бошотулганын эскертти. "Күнөстүү Өзбекстан" салыштырмалуу сабырдуу позицияда болгону менен, Анжиян окуяларынан кийин президенттин кызматтан кетишин талап кылган эле. Ташкендеги Адам укуктары демилгесинин борборунун жетекчиси Сурат Икрамовдун көз карашында, Хидоятова жалган кинелер менен кесилген:

Ага каршы кинелер далилденген эмес, бирок сот аны баары бир узак мөөнөткө кескен. Буга саясий коалиция түзгөнү себеп болгон. Бул Анжиян окуялары менен дал келди. Биз коалиция тууралуу биринчи жолу былтыр апрелде укканбыз. Майдагы Анжиян окуяларынан кийин өкмөт оппозицияны жана укук коргоочуларды кысымга алуусун күчөткөн.

Аппеляциялык соттун алдында, урук-туугандары 100 миң долларды мамлекеттик казнага төккөн. Хидоятованын сиңдиси Нодира эжесин актоо аракеттерин улантууга нийеттүү экендигин бышыктады.

XS
SM
MD
LG