Индонезиянын Суматра аралынын түндүгүндөгү бир айылда куш ылаңынан ажал тапкандар тоок же башка канаттуу баккан фермерлер болгон эмес. 22-май күнү 32 жаштагы эркек адам каза болгондо, ал ошол үй-бүлөдө өлгөн жетинчи адам болду, ага чейин каза тапкан алты адамдын бешөө куш ылаңынан өлгөнү аныкталган, азыр сегизинчи адам дагы ооруканада жатат жана ал дагы куш ылаңы менен ооруганы тастыкталды. Доктурлардын айтымында, оору алгач аялдан анын өспүрүм жээнине жуккан жана андан соң анын атасына өткөн.
Айрым эксперттер мурда - оору азырынча канаттуулардан адамга өткөндө гана чыгып жатат жана эгер ылаңдын вирусу өзгөрүп, ал адамдан адамга өтө баштаса ири эпидемия, же пандемия башталышы мүмкүн деп айтып келген. Анткен менен Индонезиядагы окуяга окумуштуулар сабырдуулук менен мамиле кылууда, анткени, биринчиден, оору бир гана үй-бүлөнүн ичинде болду жана алардан башка адамдарга өткөн жок. Экинчиден, оорунун себеби болгон жана адамга коркунуч түзгөн H5N1 деген вирус өзгөрө элек экени аныкталды. Андан тышкары, бул вирус адамдан адамга мурда деле өткөнү тууралуу маалыматтар бар жана андан эпидемия чыккан эмес.
H5N1 вирусунан чыккан куш ылаңы биринчи жолу 1959-жылы Шотландияда катталган. Шотландияда канаттуулар арасында ылаң пайда болгонун Британиянын саламаттык сактоо министрлиги үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде дагы тастыктады. Ошол эле вирустун айынан оору 1997-жылы Гоңкоңдо да чыккан, ылаң 18 адамга жуккан жана алардын алтоо каза болгон.
Оорунун коомчулукка кеңири белгилүү учуру болсо 2003-жылы Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде пайда болду жана андан бери ылаңдан адам каза болгону Индонезия, Таиланд, Виетнам, Камбоджа, Кытай, Мисир, Түркия, Ирак жана Азербайжанда катталды. Үч жылдын ичинде бардыгы болуп 124 адам өлдү, алардын эң көбү - 75 киши - Виетнам жана Индонезия каза болду. Канаттуулар арасында болсо ылаң 2003-жылдан бери 48 өлкөдө чыкты, үстүбүздөгү жылы оору 30 мамлекетте катталды.
Лондон шаарындагы Куин Мэри коллежинин профессору Жон Оксфорддун айтымында, оору адамдан адамга жуккан учурлар мурда деле катталган, ошондуктан азыр эпидемия башталат деп чуу көтөрүүнүн кереги жок: "Кеңири тынчсыздануу баштай тургандай азырынча олуттуу себеп жок, анткени мындай учурлар мурда деле катталган, анткен менен ал учурларда Индонезиядагы окуядагыдай мынчалык көп адам өлгөн эмес. Окумуштуулардын ишениминде, оору адамдан адамга жуккан учурлар мурда Таиланд менен Виетнамда болгон. Ошондуктан азыркы окуя катардан чыккан нерсе эмес. Андан тышкары, вирус бир үй-бүлөнүн ичинде гана тарап жатат", - дейт профессор Оксфорд.
Эң негизгиси - H5N1 вирусунун өзгөргөнү тууралуу маалымат жок, бирок Индонезиядагы акыркы окуянын башталган себеби эмнеде экени дагы табыла элек.