Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

ОБОНДОРУ ОБОЛОГОН КОМПОЗИТОР


“Талант тагдыры” аттуу түрмөгүбүз белгилүү композитор, ырчы-аткаруучу, Республиканын эмгек сиңирген артисти Исрадин Аманбаевдин чыгармачылыгына арналат.

Өткөн кылымдын 80-жылдарынан тартып, ыр майданында жемиштүү эмгектенип келе жаткан композитор, ырчы-аткаруучулардын бири - Республиканын эмгек сиңирген артисти Исрадин Аманбаев. Ал ар кандай маңыздагы, аваздык көркөм боектордогу, түркүн мукамдыктагы 80 ашык обондордун, симфониялык поэманын, фортепиано, скрипка үчүн жазган санаталардын, варция, рондолордун “Мөл булак” аттуу ырлар жыйнагынын автору.

Исрадин башка калемдеш композиторлордон айырмаланып жазган ырларын өзү аккордеондун, оркестрдин, эстрадалык топтун коштоолорунда ырдайт. Аманбаевдин үнүнүн диапазону ушунчалык кенен, ушунчалык Алатоонун мөл булагындай туптунук, мукамдуу, угумдуу. Ал кайсыл гана, кандай гана маңыздагы ырын аткарбасын ар бир угуучунун көз алдына бетегеси белден буралган кол менен жасап койгондой кооздуктагы киндик каны тамган Көңдүктүн көк мелжиген аска зоолорун аралап ырдап жүргөндөй мукамдуу жаңырыкты элестете образдуу ырдайт. Маселен, композитордун “Тоолук кыз” аттуу ырын укканыңда жайы-кышы ак элечекчен тоону мекендеген жайдары мүнөз, кумар көздүү селкинин келишимдүү келбетин көз алдыңа элестетесиң.

Эми таланттуу композитордун шык учкунунун башатына кимдер от ойгонуу жөнүндө Исрадиндин өз оозунан угалы.

- Мен ток этер жерин айтсам ыр дүйнөсүнө биринчиден ата-бабаларымдын укумдан-тукумга өткөн өнөрлөрү бирден-бир себепчи болду. Менин атам Абдулашим, чоң атам Аманбайдын атасы Чормош комуз чертчү экен. Менин оюмча обон чыгарышыма ата-бабалардагы кандан келди го деймин. Экинчиден, туулган жеримдин кол менен жасап койгондой кооздугу, өзүңүз билсеңиз Алайкуу өрөөнү не бир керемет жер. Мен төрөлгөн Көңдүктүн башында тир укмуштай кооз күзгүдөй жаркыраган эки тоонун ортосунда үч көл бар. Аны Кулункөлү Мазар көлү дейбиз. Биздин айыл ошол Мазар көлдөн суу ичебиз. Үчүнчдөн, менин шыгымдын жанышына мазар көлүнүн суусу да себепчи болду го деп ойлойм. Төртүнчүдөн, өзүмдүн аракетим, тынбай изденгеним шыгымдын жанышына ыр дүйнөсүнөн бактымды ачтым го деп ойлойм.

Исрадин мырза угуучулардын, өзүңдүн кесиптештериңдин арасында залкар дирижер Асанкан Жумакматов Исрадинди атайын издеп таап, музыка дүйнөсүнөн бактысын ачкан деген кеп айтылып келет. Ошонун чын-бышыгын айтып берсең?

- Туура айтасыз. Мен обончу болуп элге таанылып калгандан кийин Ошто иштеп калдым. Жаз айы эле. Ошко дирижер Асанкан Жумакматов баштаган ырчылар тобу гастролго келип маэстрого жолуксам ал айтты: - Сенин он чакты ырыңды иштеп чыгып, оркестрге салдым. Биз менен кошулуп гастролго чык – деди. Жерден издегеним көктөн түшө калгандай болду. Мен буга чейин Асанкан агайды жакшы таануучу эмесмин. Агай жетектеген топ менен кошулуп гастролго чыктым. Маэстро менен жакшылап тааныштым. Мен ошол кезде “Нестан Даражан”, “Соңкөл баяны”, “Ай жарык”, “Мөл булак”, “Ай гитара, гитара” аттуу обондорду чыгарган элем. Алардын баарын маэстро оркестрге салыптыр. Белгилүү ырчылар Керим Тураповго. Ж.Дүйшөналиевге, Д.Жалгасыновага ж.б. ырдатыптыр. Анан маэстрого жагып калдым көрүнөт. Ал айтты: - Исрадин бул жерде жүрбө. Мен Бишкекке алып кетем. Жүргүн консерватория ачылды., композитор классынан окуйсуң, билим ал – деди. Мен ал кезде Ош пединститутунун музыкалык факультеттин бүтүрүп, мектепте иштеп жүрчүмүн. Мен Асанкан агайдын чакыруусу боюнча Бишкекке келдим. Консерваториянын композиция классына өттүм. Аны бүттүм. Кептин чынын айтсам Жумакматов мен өңдөнгөн көптөгөн жаш таланттардын музыка дүйнөсүнөн бактыларын ачты. Менин чыгармаларым эл аспаптар, симфониялык оркестрдин коштоосунда таанымал ырчылар тарабынан калың калкка тартуулана баштады, айтылуу маэстро Асанкан агайга өмүр бою ыраазымын.

- Исрадин мырза бүгүнкүдөй эл оозуна алынган композитор болушуңа себепчи болгон эң алгачкы обонуңду кандай жагдайда мектепте окуп жүргөндө чыгардың эле?

- Өтө кызык суроо. Мен алты жашымдан комуз чертим. Мектепте эң жакшы окуучу элем. Жакшы окугандыктан отряд, дружина советтеринин төрагасы болуп жүрдүм. Өзүңүз билесиз мугалимдер жакшы окуган окуучуну жакшы көрөрүн. Мени агайларым, эжейлерим абдан сыйлашчу. Мен кичинекей кезимде акын болойун деп ыр жазчумун. Райондук гезитке макала жазган кабарчы элем. Мектептеги химиядан сабак берген агайым химик, математикадан берген эжейим математик, тил адабияттан берген агайым тилчи, адабиятчы, акын болосуң дешчү. Мен 8-класста окуп жүргөндө баян үйрөнүп алдым. Ошол учурда мугалимдердин кароо-сынагы өтмөк болуп калды. Мен ошого даярдана баштадым. Бир күнү үйгө келе жатсам, эмнегедир кулагымда бир музыканын добуштары, ыргактары жаңыра баштады. Үйгө келип Эл акыны Аалы Токомбаевдин жыйнагын барактап карасам “Кайда барат” деген ыры бар экен. Окусам абдан жакшы ыр экен. Ошого кыңылдап обон чыгара баштадым.
Күндөр учат канаты бар немедей,
Айлар сыздайт кербен тарткан кемедей,
Жылдар жылга куюлушуп токтобой,
Кайда барат дөңгөлөнүп ченебей – деген саптардагы ырына обон чыгардым. Бул обонумду мектептеги эжейиме үйрөттүм. Биринчиликти жеңип келди. Ал эже мектепке келгенде агайларым кимдин обонун ырдадың десе “Исрадиндин обонун” – ырдадым деп айтты. Ошондон баштап баш отум менен обончулукка кирип кеттим. Ошентип акын да, химик да, математик да болбой калдым. Азыр болсо Кудая тобо эл арасында ырчы композитор болуп жүрөм.
XS
SM
MD
LG