Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ ЖЫЛЫНА 300 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАРАЖАТ ТАБУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада дүйшөмбү күнү Кыргызстандын элчилигинде эмгек миграция маселелерине арналган тегерек үстөл жыйыны өттү. Жыйынга миграциялык кызматтар өкүлдөрүнөн тышкары Кыргызстан жана Орусия парламенттеринин мүчөлөрү, Тажикстан менен Өзбекстандан өкүлдөр, миграция боюнча эл аралык уюмдардын кызматкерлери катышкан. Күн тартибиндеги маселе Борборазиялык өлкөлөрдөн Орусияга ооп келип атышкан эмгек мигранттарынын абалы жана аны жеңилдетүү болгон.

Тегерек үстөл талкуусунда мигранттар самап жүргөн маселелер каралды. Мигранттардын көкөйүнө көк таштай тиийген кыйынчылыктар мурдагы советтик жумурияттар арсында эмдигиче алгылыктуу мыйзам жок экенинен улам болуп атышы айкын болду. Ошого карабай иш издеп келген кыргызстандыктар таап аткан киреше, маселен, алакан жылытарлык экени белгиленди. Орто эсептен алып эсептегенде жылына Орусиядан которулган акча 250-300 миллион долларга чукул экени айтылды. Ушунун өзү Кыргызстанга кошулуп аткан дүң байлык дешти.

Борборазиялык мамлекеттерден иш издеп Орусияга келген эмгек мигранттары эки тарапка тең пайда алып келип аткан күч экенин белгилешти. Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун пикири боюнча мыйзам ариби менен мындай көрүнүшкө колдоо көргөзүү зарыл:

«Мындай тынбай аккан миграциялык агымдан тараптарга пайда бар экенин далилдеп жана (аларга – ММ) шарт түзүү – биздин милдет», - деди Султанов мырза.

Анын кесиптеши Орусиянын жогорку палатасынын төрагасына орун басар Александр Трошин да жарандар коомун түзүүгө тийиштиги бар бул маселени чечүүдө бул тегерек үстөл талкуусунда түшкөн сунуштарды эске ала тургандыгын айтты.

Эки өкүмөт ортосунда эмгек мигранттар абалы боюнча 1996-жылы 28-мартта кабыл алынган келишим негизинде иш жүрүп атканына карабай былтыр 16 миңден ашуун кыргызстандыктар ишке орношушканын элчи Апас Жумагулов айтты. Анын кебин кийин сүйлөгөн федералдык миграциялык кызматтын жетекчилеринин бири Евгений Варшавский бышыктады.

«Былтыркы жылы Кыргызстандан бардыгы 307730 жаран орусиялык чектен өттү деп катталган. Алардын ичинен 16228 киши ырасмий түрдө ишке орношкону маалым, а калганы кайда?», - деген суроо койду. Ушунун баары саясий төбөлдөр көп оозанып, бирок ишке ашыра албай келе жаткан мүдөөлөрдөн экенин ал белгиледи. Ал жерде Тажикстандан былтыр 456544 киши Орусия чегарасынан өтүп кийин алардын 52602 жараны, Өзүбекстандан 677276 жаран өтүп алардын 49043 кишиси ишке орношконун да айтты.

Акыркы эсеп боюнча Орусияда мыйзамсыз жашап аткан 13 миллион мигранттар бар экенин адам укугун коргоочу Лидия Графова айтат. Алардын көргөн күнү кул менен күңдүкүнөн кем эмес деди.

«Бул кишилер Орусиянын жыргалчылыгы үчүн эмгек этишкени келишкен. Анын ордуна алар чоң ыза кордукту башынан өткөрүп атышат. А кыйласы кадимки эле кулчулукка дуушар болуп атышат», - дейт Графова айым.

XS
SM
MD
LG