Индонезиянын Ява аралында болгон жер титирөөдөн шейит кеткендердин саны соңку маалыматтар боюнча 6 миң 200дөн ашты. Жер титирөөдөн 45 миңден ашуун адам жараат алды. Миңдеген адамдар турак-жайсыз калды. Учурда гуманитардык жардамдар Бириккен Улуттар Уюму, Европа Кеңеши, бир катар өлкөлөр тарабынан көрсөтүлүүдө.