Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

КАЗАНДА ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ РЕФОРАЛАРДАН НААРАЗЫЛЫК ЧЫКТЫ


Жаныл Жусубжан, Прага Формалдуу диний билим алгысы келген орусиялык мусулмандар мурда башка өлкөгө барып окушчу. 1998-жылы өлкөдө алгачкы расмий исламдык университет Татарстандын борбор калаасында ачылды. Бирок, окуу программасына бей-диний сабактардын кошулушу бир катар студенттерди жана динаятчыларды нааразы кылды.

Татарстанда 1 миңден ашык мечит болсо, алардын 50 чактысы эле Казан шаарында. Орусияда бир гана ушул жерде шарият, куран, араб тили жана исламдык экономика боюнча сапаттуу жана формалдуу билим алууга болот. Бирок исламды окутууга көзөмөлдү күчөтүүгө далалаттанган жергиликтүү бийликтер окуу жайдын программасына секулярдык сабактарды, тактап айтканда тарых, чет тилдерди жана табигый илимдер боюнча сабактарды киргизишти.

Университеттин жаңы ректору Илдус Захидулин өзү Татарстандын Илимдер Академиясынын мүчөсү. Анын айтымында, соңку өзгөрүүлөр исламдык жана секулярдык билим берүүдөгү тең салмактуулукту камсыздоо аракетин билдирет. Мындан ары университеттин бүтүрүүчүлөрү эки диплом алышат, бири дин боюнча, бири секулярдык диплом болот.

Бирок бул кадам бардыгына жага берген жок. Май айынын башында университеттин студенттери демонстрация өткөрүштү. Алардын бири Азаттыкка Казан бийликтери исламдык билим берүүнү такыр эле жоюп салгылары келет деген шектенүүсүн мындайча билдирди:

-Эгер диний билим берүү үзгүлтүккө учураса, жаштар кайда окуганы барат?- деп суроо салды ал.

Татарстандын Мусулмандар кеңеши да соңку реформаны кайра карап чыгууну талап кылууда. Ал эми Кеңештин башчысы Равил Гаинутдин молдо университеттин ректору илим эмес, дин адамы болуш керек деп талап кылууда.

20 миллион мусулман жашаган Орусияда исламдык билим берүү маанилүү маселе экени шексиз. Чеченстандагы согуш жана АКШ баштаган глобалдык анти-терроризм чабуулу радикалдык исламдан коркууну кыйла курчутканы маалым. Буга жол бербөө аракетинде Орусиянын Муфтийлер кеңеши өкмөттү сабырдуу исламды окуткан окуу жайларын колдоп, жаш мусулмандарга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырууда.

Казандагы Исламдык университеттеги соңку өзгөрүүлөрдү да ушул багыттагы аракеттерге кошууга болот. Анын үстүнө исламдык билим берүүдө секулярдык сабактар да колдонулган университеттер жок эмес.Буга Босния-Герцоговинадагы Сараево Университетинин ислам факультети мисал.

Зухди Хасанович аталган факультеттин деканы, ал факультет университетке караганы менен, мамлекеттен кийлигишүү жокко эсе дейт. Анын айтымында, исламдык факультет Сараево университетине бир жыл мурда кошулган. Окуу программасын деканат толугу менен өзү аныктайт, ошол эле мезгилде башка факультеттер менен бирдей талаптарды да аткарышы керек.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG