БИШКЕК. Бүгүн ал Бишкекте журналисттер үчүн коштошуу маалымат жыйынын өткөрдү. Адвокат эми Кыргызстанда экс-президенттин укугун жергиликтүү адвокаттар коргоорун билдирди. Ал ошондой эле жаңы бийлик тарабынан Аскар Акаевге саясий айып тагылып, каралоо аракети көрүлгөнүн, бирок мындай аракет суу кечпей калганын айтты. Адвокат Максимович мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун куру кыйкырыгынан эч кандай майнап чыкпады деп эсептейт. Азимбек Бекназаров болсо экс-президенттин мүлкүнө байланышкан иштин аягына чыкпашына азыркы бийлик айыптуу деген пикирин бүгүн Азаттыкка билдирди. Ал эми баш прокурор Камбаралы Конгантиев буга дейре бул иштер аягына чыгарылаарын билдирип келген.