Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:18

Жогорку сот бүгүн Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарды


БИШКЕК. Соттун мындай чечимине нааразы болгон 10-15 адамдан турган аксылыктардын тобу Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет жасашты. Аларды милиция кызматкерлери аскерлердин жардамы менен Өкмөт үйүнүн короосунан сыртка күч менен чыгарып койушту. Азыр Өкмөт үйүнүн алдында отуз чакты адамдан турган топ «Бакиев, сыртка чык, деп кыйкырып турушат. Жогорку сот Аксы окуялары боюнча кылмыш ишти Башкы прокуратуранын жаңы жагдайларга байланыштуу аны кайра тергөө тууралуу сунушунун негизинде карап баштаган эле. Анда бул иште жаңы жагдайлардын бар экени, мурдагы тергөөдө бийликтин жогорку тепкичиндеги жетекчилердин аракеттерине, «Тайфун» жана «Буран» операцияларына укуктук баа берилбегени белгиленген.

XS
SM
MD
LG