Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

«Аталар керээзи» тасмасы «Кичи Оскар» сыйлыгына татыды


БИШКЕК. Бул тууралуу фильмдин режиссеру Нурбек Эген бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Ушул эле күнү ал президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болду. Президент жаш кыргыз кинорежиссерун Лос-Анжелестеги кинофестивалдын баш байгесин жеңип алышы менен куттуктап анын дарегине жылуу сөздөрдү айтты. Нурбек Эген президентке ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда киномектебин ачуу ниетин билдирди. Президент аны колдоп, маселени иштеп чыгууну «Кыргызкино» улуттук концернинин президентине тапшырды.


Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG