Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 3-июнда күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында, ал эми түнкүсүн айрым облустарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы түнкүсүн 15-20 метрге, ал эми күндүз 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +11...+16, күндүз +19...+24 градус.
Талас дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +18...+23 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактары боюнча түнкүсүн +12...+17, күндүз +20...+25 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +7...+12, күндүз +16...+21.
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +15...+20 градус.
Бишкекте күндүз жана таңга маал жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +21...+23 градус.

XS
SM
MD
LG