Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Кыргыз чегарачыларына катылган өзбек атуулдарынын бири эскертип аткан октон жарадар болду


ЖАЛАЛАБАТ. Областтык ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, 1-июнда Аксы районунун аймагында Өзбекстандын алты жараны эскертүүгө баш ийбей, каяша айтышып, кыргыз чек арачыларын таш баранга алышкан. Алар курал-жарагын тартып алууга аракет кылгандыктан катардагы жоокер Руслан Кудайбердиев эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болгон. Октон жарадар болгон Өзбекстандын жараны Муминов Кутибжон Наманган облусунун Жаңыкоргон райондук ооруканасына жеткирилген. Таш баранда башынан жараат алган Руслан Кудайбердиев Аксы райондук ооруканасына жаткырылган.

Ырысбай Абдыраимов

XS
SM
MD
LG