Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

АПТА КААРМАНЫ – АЗАМАТ АЛТАЙ


Узап бараткан апта ичи Кыргыз коомчулугунун алдыңкы катмары кыргыздын чыгаан уулу, «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү, маркум Азамат Алтайды эскеришти. Улуу Ата мекендик согуштан кийин мекенине кайтпай калган Кудайберген Кожомбердиев бир апта мурун 86 жаш курагында Нью-Йорк шаарында дүйнө салып, анын сөөгү ошол эле шаардагы мусулмандар көрүстөнүнө коюлду

Американын жарандыгын алганда Азамат Алтай деген ысымды өзүнө ыйгарган Кудайберген Кожомбердиев аскерге согуштун алдында чакырылган. Согушка даярдык башталганын кийинчерээк Каунас шаарында аскердик атайын окуудан өтүп жаткан кезинде түшүнгөн. Бул тууралуу анын жердеши Манжы Келгенбаев мындайча эскерет:

- Согуш башталаардын алдында сүрөтүн жибериптир. Ошол сүрөтүнүн артына эй, Манжы бул мен эмес, менин көлөкөмдүн элеси. Ак кагазга тартылган асыл жандын денеси. Муну жоготпой сактагын, азыр биз кыйын эле турмушта турабыз деп жазыптыр. Ал кандай турмуш экенин чынында да билген эмесмин. Көрсө Азамат Алтай каардуу согуштун болорун акыл-эси менен ошондо эле туюнган экен да.

Бирок, Ысыккөлдүн жээгинен 1940-жылы узаган боз улан мекенинен аргасыз түбөлүк бөлүнүп каларын сезбесе керек. Өзүнүн мындан бир жыл илгери «Азаттыкка» берген интервьюсунда бакытка ошончо жылдан бери бир ирет гана жолукканын айтканы бар:

- Жок, бактылуумун деп эсептебейм. Бактылуулук мага келбеди. Бактылуулукту бир көрдүм, ушу элүү беш жылдан кийин Кыргызстанга барып, Ысыккөлдү көргөнүм, Караколдо, Жалалабадда болгондорум бактылуу күндөрүм болду. Учуп гана жүрдүм. Акылымда эч нерсе жок. Кимди көрдүм? Эмне сүйлөштүм?

Азамат Алтай мекенин жүрөгүнүн толтосунда сактады, бирок, тилекке каршы сөөгүн мекенине жеткирүү суранычынан кайтууга аргасыз болду. Ага байбичесинин өзүнөн мурда дүйнө салышы себеп болду. Сөөгү океандын ары жагына коюлганы менен, ал кыргыздын топурагын жамынды.

Азамат Алтай таануу тармагынын башатында турган белгилүү драматург Бексултан Жакиев Бишкекте 29-майда өткөн митингде буларды айтты:

- Бир кыздан келериңде кызым, ушу Койташтагы отуз сегизинчи жылы атылган кыргыздын азаматтарынын топурагынан бир топурак ала кел деген экен. Мына ошол топурак менен аба ошол Американын жеринде калды.



Согуш маалында туткунга түшүп калган Кожомбердиев сталиндик тоталитардык замандын запкысынан айбыгып, мекенине кайтпай калганын минтип эскерет:

- Туткунга түшкөн күндөрүм, албетте, анда-санда эсиме келет, түшүмө кирет. «Толкундар жээкте жок болот» деген видеофильмден көрөсүңөр да. Анда чала-була чындыкка жакындык жерлери бар.

Азамат Алтайдын тагдыры ал өзү акыркы интервьюларынын биринде эскерген «Толкундар жээкте жок болот» фильминдегиден да алда канча катаал болгон. Мындай көз караштар Бөкөмбаев айылында 31-майда болгон эскерүүдө жердештери айтып чыгышты. Алардын айтымында, Кожомбердиев советтик мезгилде чыккынчы аталып, анын арты менен айылдаштарынын, жакындарынын, санаалаштарынын далайы куугунтук жеди, ишмердүүлүгүнө, өмүрүнө зак кетти.

Азамат Алтай өзү болсо эгемен өлкөлөрдө жашап жүрүп, Германияга, АКШга каттаган кыргызстандык маданият ишмерлери менен жолугууну эңсеп турса да, атайын кызматтар ага мүмкүндүк берген эмес.

Азамат Алтай өз мекени үчүн күйгөн, элинин эгемендигин эңсеп, ошого умтулган жан экени апта ичиндеги эскерүүлөрдө арбын айтылды. Бишкектеги митингди алып барып жатып «Азаттык» үналгысынын азыркы директору Тынчтыкбек Чоротегин маркумду калыстыктын символу катары белгиледи:

- Өмүрүнүн эң акыркы мүнөтүнө чейин, көз ирмеминин эң акырына чейин ал кыргыз элинин келечеги, жаркын болочогу үчүн, биздин болочок урпактардын жаркын турмушу үчүн калыстыктын символу болуп жашап келди.

Согуш туткундарына советтик ырайымсыз мамилени угуп, аргасыз Батыш Европада калган Азамат Алтай Батыштын чыгыш таануучу илимпоздору менен кызматташып, Борбор Азия элдеринин тилдериндеги басма сөз маалыматтарын илимий чөйрөгө киргизүүгө чоң салым кошкон.

1953-жылдын 18-мартында «Азаттык» үналгысынын кыргыз тилиндеги тунгуч уктуруусун обого чыгарган. Өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин миңдеген китеп окуган, жыйган. Анын бир бөлүгүн Жалалабад, бир бөлүгүн Колумбия университетине берген. Апта ичиндеги эскерүүлөрдө айтылганга караганда, Азамат Алтай ушул күнгө чейин караколдук, жалалабаддык 300дөн ашык студентке стипендия бериптир.

Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидерлеринин бири Роза Отунбаева Азамат Алтай четте туруп, эл-жери үчүн күйгөн, кыргыздын руху болуп, батыш үчүн эксперт болуп бергени менен азыркы эгемен кездеги бийлик анын ордун дале тааныбай жатканына кейиди:

- Былтыр бир Нью-Йоркко баратканда бул маселе каралган болчу. Азамат Алтайга Кыргызстандын бир чоң ордени жарашат эле деп, бирок, азыркы өкмөт дале тоталитаризмдин көлөкөсүндө, баягы эле коммунисттик идеологиянын багытында, ошол Азамат Алтай, кыргыздын интеллектуалдык чокусу, ушуга эч нерсе тийген жок.

Ушул эле эскерүүлөргө катышкандардын катарында президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары Тынычбек Табылдиев, вице-премьер министр Ишенгүл Болжурова, президенттин караштуу адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, «Жарандык коом коррупцияга каршы» борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова баштаган мамлекеттик кызматкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү, жердештери коомдук ишмердин ысымын түбөлүккө калтыруу демилгелерин көтөрүштү. Коомчулукта Азамат Алтай буга муктаж эмес, ал муну кааламак эмес деп айтып чыккандар да болду. Азамат Алтай өзү болсо «Азаттыкка» берген интервьюларынын биринде Кыргызстандын бүтүндүгүнүн сакталышынан башка тилеги жогун айтканы бар:

- Миң жылдык тарыхында чыдап келген зордукка, кордукка дагы чыдап ушул көпүрөдөн өтөсүңөр деген оюм бар. Ушундан өтүп алсаңар, мамлекет, эл катарында тарыхый атыңарды жоготпой калсаңар болду мага.

Азамат Алтайдын тагдырын, турмушун терең изилдеп жүргөн маданий ишмерлердин бири Бексултан Жакиев маркумга жасаган ызаат ириде кыргыздын урпактарына сабак болот деп эсептейт:

- Азамат Алтайдын тагдыры, турмушу, ага жасаган биздин мамилебиз – таза мамилебиз, арам мамилебиз – бул бизди ойлонто турган нерсе деп ойлойм. Ошон үчүн бүгүн куран менен кошо арбакка курандан улуу, ыйык нерсе болбойт, ошондуктан, анын тагдырын эскергенибиз тирүүлөр үчүн керек го деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG