Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

«НАЗИК», ЕВРОПА КЫРГЫЗСТАНДА, «КИЧИ ОСКАРДЫ» КИМ АЛДЫ?


Аптанын маданий окуялары

Аптанын дүйшөмбүсүндө куралдуу күчтөрдүн 14 жылдыгы белгиленди. Борбордук Алатоо аянтында өткөн салтанатка Президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Өлкө башчысы куттуктоо сөзүндө Кыргыз армиясы коомдо татыктуу ордун ээлеш үчүн баардык аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп өттү. Салтанат аскердик оюн-зооктор менен коштолду.


Нарында өткөн «Жаш таланттар» фестивалында жеңип алган таланттуу улан-кыздар жана «Назик» фольклордук тобу 30-майда Түркиянын Стамбул шаарында өтүүчү «Түрк дүйнөсү» аттуу он экинчи эл аралык фестивалга жөнөп кетишти. 12-июнга чейин созулчу фестивалда Кыргызстандан барган жаш өнөрпоздор фольклор жаатында өнөрлөрүн көрсөтүшмөкчү. Ошондой эле тарыхый жайларда болушуп, түрк балдары менен маданий алакада болуп кайтышат.

31-майда А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында залкар композитор Калый Молдобасановду акыркы сапарга узаттуу расмыси болду. Анда өлкө башчысы Курманбек Бакиев баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү менен бирге маркумдун жакындары, замандаштары, кесиптештери катышып, коштошушту. Маркумдун сөөгү мамлекеттик Алаарча көрүстөнүнө коюлду.

31-майда Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде салтка айланган Европанын Кыргызстандагы күндөрү ачылды. Иш чаранын алкагында Европа кинолорунун фестивалы, музыка жана поэзия кечелери, сүрөт көргөзмөлөрү, ар түрдүү сынактар, бий кечелери уюштурулду.


1-июнда Улуттук филармонияда балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык салтанат өттү. Кечеде балдарды мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров куттуктап, начар уккан балдар интернаттарына угуучу апараттарды тапшырды.
Салтанатта «Минимисс» сынагынын катышуучулары жана борборубуздагы ыр, бий топторунун улан-кыздары өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Режиссер Нурбек Эген «Аталардын керээзи» аттуу көркөм тасмасы үчүн Лос-Анджелестеги жаш кинематографистердин эл аралык кинофестивалында «Кичи оскар» сыйлыгына татыктуу болду. Кинорежисер бул сыйлык бир эле менин эмес, жалпы кыргыз элинин сыйлыгы дейт.

Нурбек Эген менен Мамлекеттик видеокомпаниянын жетекчиси Замир Эралиев өлкө башчысынын кабыл алуусунда болуп, кинотармагындагы бир катар маселелер тууралуу баарлашышты.
XS
SM
MD
LG