Анда өлкөдөгү кырдаал талкууланат. Жыйынга президент, өкмөт, сот бийлиги жана парламенттин толук курамда катышуусу белгиленүүдө. Өлкөнүн бийлик бутактарынын жолугушуу демилгесин парламент 22-майдагы жабык эшик артында өткөн жыйынында көтөрүп, президентке сунуштаган. Мамлекет башчысы ал сунушту кабыл алган.