Ирактагы жардыруулар менен зомбулуктардан соңку маалыматтар боюнча 40тан ашуун адам мерт болду. Багаддагы жардыруудан эле 20га жакын адам набыт кетти. Өткөн ишембиде белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган Россиянын Багдаддагы элчилигинин төрт кызматкери табыла элек.