Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

ШАНКАЙ УЮМУ КЕҢЕЙБЕЙТ. АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮ БАТЫШ СОТУ ОРНОТОТ. АКАЕВГЕ АЛКЫШ АЙТЫЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Мурунку аптада орусиялык басылмалар чагылдырган маселелер ичинен эмне себептен Шанкай уюму кеңейтилбейт, Батыштын соту Кыргызстанда адилеттүүлүктү орното алабы, эмне себептен Балтика боюнда өлкөлөрдөн орустар мекенине кайтып келгилери жок жана башка макалалар мазмууну менен таанышасыздар.

Шанкай кызматташтык уюму кеңейбей тургандыгы туурасында макала «Газета» басылмасына чыкты. Андай кепти орусиялык өйдөкү палатанын төрагасына орун басар Дмитрий Мезенцев айткан. Шанкай уюмун 6 өлкө - Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзүбекстан түзөт. Ал уюмдун олтурумдарына көз салуучу укугу менен Пакистан, Индия, Монголия жана Иран катышып келатышат.

Ирандын ырасмий өкүлдөрү анын өлкөсү ШКУга өтүүгө көөндүү экенин улам айтып келатышат. Ага жооп 30-май күнү «Маскөөдө өткөн парламенттер жетекчилеринин олтуруму үстүндө айтылды. Аны казакстандык төрага Нуртай Абыкеев бул уюмга жаңы мүчө алууга тыюу салуу сунушун киргизүү менен жооп айтты», - деп жазат Геннадий Савченко.

Казакстандык саясатчы Досым Сатпаев да «Мындай демилгени Орусия колдойт десе болот. Эмне дегенде ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эч кимиси АКШ менен кагылышууга даяр эмес. Эгерде Шанкай уюму өз катарына Иранды кошуп алат экен, анда андай кагылышуу сөзсүз чыгат», - деген саясатчы.

Кыргызстандын сот системасында чет өлкөлүк соттор иштеши мүмкүн экендигин РИА Новости сайты 31-май күнү жазат. Андай мүдөөнү өкүмөт башчы Феликс Кулов сунуштаган. «Ошондо бул же тигил сотту кимдир бирөөгө тартты деген ич ооруу болбойт. Мисалы, Грузия өзүнүн сот тармагындагы паракорчулукту жоюу максатында Швециядан 300 сот кызматкерин чакыртып, азыр алар өлкөнүн сот ишин жүргүзүп атышат», - деген Кулов мырза.

Басылма келтирген эсепте, Кыргызстанда ишкердик кылып аткан чет элдиктер ичинен 90 пайыздайы өлкөдө «криминалдашкан саясат жана ишкердик» бар деген ишенимде. Ал тургай өлкөдө бирөөнүн менчигин бирөөлөр күчкө салып тартып алуу да бар экенин басылма жазат.

Балтика деңизинин боюнда жайгашкан өлкөлөрдөн орустар Путиндин бийлигине келгилери жок экендигин Литвалык “Vakaru ekspresas” жазат. Ал жерде жазылганга караганда орусиялык бийлик КМШ жаатында жашап аткан орустарды чакырып алууга багышталган мамлекеттик программа даярдап атканы кеп болот. Феврал айынан тартып чукталып аткан ошол программанын ыкчамдашы жакында президент Путиндин элге кайрылуусунан соң б.а. «бала төрөтүүнү көбөйтүү» сунушунан кийин болгону айтылат.

«Бирдиктүү Орусия» партиясынын сунушу менен мурдагы СССР жериндеги жаш мамлекеттерден орус боордошторун жыйноо иши башталган. Мындай жазалма түрдөгү элинин санын артырууда Примор жана Краснояр крайлары, Калуга, Тверь жана Калининград обулустар губернаторлору КМШдан көчүп келүүчү орус жана орус тилдүүлөрдү кабыл алуу иштеринин камын жей башташканы айтылат. Маселен, бир эле Калининград обулусуна танапташ өлкөлөр Литва, Латвия жана Эстониядан 20 миң орус тилинде сүйлөгөн киши кабыл алууга даяр экендигин губернатор Георгий Боос айткан.

Бирок, литвалык басылма мекенине кайтып кеткиси келген орустар жокко тете деп жазат. Литвадагы орустук маданий борбордун жетекчиси Татьяна Ясинская айтканга караганда «Орустун маданий мурасы менен сыймыктанса болот. Бирок Маскөө бийлигине барып берүүгө эч кимдин көөнү жок. Орусияныкына карганда Литвада жашоо үчүн шарт өйдө», - деген.

«Огонек» орусиялык академиктер Орусияга берилгендиги үчүн мурдагы президент Аскар Акаевге алкыш айтышканы туурасында жазат. Ал жерде, маселен, «Акаев, албетте, Ломоносов эмес, бирок орусиялык илим үчүн кыйла пайдалуу иштерди жасады. СССР жумурияттарында кезегинде негизделген биздин илимий борборлорубуз кийин жергиликтүү бийликтер менчигине өтүп кетти, бир гана Кыргызстанда, орусиялык илимий академия өз менчигин өзү сактап кала алды. Муну белгилеш арзырлык», - деген академик Евгений Велихов.
XS
SM
MD
LG