Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Аликбек Жекшенкулов Японияда болуп жаткан Борбор Азия-Япония диалогуна катышууда


Бул тууралуу министрдин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди. Диалогдо саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана регионалдык багытта кызматташуу маселелери талкууланат. Аликбек Жекшенкуловдун япон өкмөтүнүн жетекчилиги менен жолугушуусу да белгиленүүдө. Күн чыгыш өлкөсүнөн кийин Аликбек Жекшенкулов Кытайга жумуш сапар менен келет. Анда президент Курманбек Бакиевдин 9-10-июнга Кытайга белгиленген расмий сапарына даярдык көрүү маселелери каралат.

XS
SM
MD
LG